Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:04

Түндүк Корея АКШ менен Түштүк Кореяга “айоосуз өч алынарын” эскертти


Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын аскерий өкүлдөр менен. 12-март, 2013-жыл.
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын аскерий өкүлдөр менен. 12-март, 2013-жыл.
Мындай эскертүү Түндүк Кореянын Коргоо министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүндө айтылат. Анда белгилегендей, АКШ менен Түштүк Корея Элдешүү келишими күчүн жоготконун, Түндүк Корея кол салбоо жөнүндөгү эки тараптуу декларацияны мындан ары карманбай турганын билип койгону жөндүү болмок.

АКШ менен Түштүк Кореянын армиялары ушул тапта Түндүк Кореянын ыктымал кол салуусуна жооп берүү жөндөмүн сыноо үчүн компьютерде моделдештирилген, биргелешкен машыгуу уюштурушууда.

Өзөктүк сыноону жакында үчүнчү ирет өткөргөнүнө байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга санкцияларын күчөткөн. Буга жооп чара катары Түндүк Корея 1953-жылы корей согушунун аякташына алып келген Элдешүү келишиминен чыкканын апта башында жарыялады. Бирок БУУ Пхеньян келишимден бир тараптуу кете албасын эскертти. (UE)

XS
SM
MD
LG