Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:48

CPJ азери президентин медиага куугунтукту токтотууга үндөдү


Кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюмдун аткаруучу директору Жоэл Саймон бүгүнкү билдирүүсүндө президент Ильхам Алиев баштаган азери бийликтерин бир катар көз карандысыз журналисттерди, анын ичинде “Хурал” гезитинин башкы редактору Аваз Зейналыны түрмөгө салганы үчүн кескин сындады.

Зейналы парламенттин мурдагы депутатын опузалап, пара алды деген айып менен ушул шейшембиде тогуз жылга абакка кесилген. Ал өзүнүн түрмөгө түшүүсүн түздөн-түз кесиптик ишмердигине байланыштырууда.

Журналисттерди коргоо комитети өз билдирүүсүндө Азербайжандын сотторун калемгерлерге кол салынган учурларга көңүл бурбаганы, ал эми көз карандысыз маалымат каражаттарын ири өлчөмдө айыпка жыгып жатканы үчүн сындаган. (UE)

XS
SM
MD
LG