Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:14

Ооган президенти АКШны Баграм түрмөсүн өткөрүп берүүнү тездетүүгө чакырды


Хамид Карзайдын пикиринде, АКШ көзөмөлүндөгү абак жайды оогандардын карамагына толук өткөрүүнүн кечеңдей бериши эки тараптуу алакага терс кесепетин тийгизүүсү мүмкүн.

Ооган президентинин мындай мазмундагы билдирүүсү АКШнын Ооганстандагы күчтөрүнүн командачысы Жозеф Данфорд менен шаршембидеги жолугушуу эки ортодогу пикир-келишпестикти жөнгөрө албаган соң жасалды.

Ал эми НАТОнун билдирүүсүндө жолугушууда тараптар калган маселелерди чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашканы айтылган.

Кабулдагы Баграм түрмөсүнүн ооган башкаруучусу бар, бирок абак жай али АКШнын көзөмөлүндө.

Вашингтон түрмө оогандардын карамагына толук берилген шартта камактагылардын бири кокус коркунуч туудурса, аны түрмөдө кармагыдай вето укугун алууну көздөөдө.

Президент Карзай түрмөнү оогандар көзөмөлдөгөн учурда деле коопсуздук үчүн коркунуч туудургандар андан чыгарылбасын убада кылган. (UE)

XS
SM
MD
LG