Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Евробиримдик Украина боюнча тынчсыздануу билдирди


Европа Биримдигинин жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу боюнча комиссары Украинадагы соңку окуялар Биримдик менен саясий кызматташтык жана эркин соода келишимине кол коюуну үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн экендигин эскертти. Штефан Фүле Европа парламентинде сүйлөп, Евробиримдик менен Украинанын соңку саммитинде украин жетекчилери демократиялык курулуштагы кемчиликтерди жоюп, мыйзамдардын акыйкатсыз колдонулушуна карата тынчсызданууну эске алууга «бардык аракетти жумшайбыз» деп сөз бергенин белгиледи. Бирок Фүле ошол эле убакта абактагы оппозиция лидери Юлия Тимошенконун адвокатынан депутаттык мандатын тартып алуу чечими сыяктуу окуялардан улам украин бийликтеринин сөзү иши менен дал келбей жаткандыгын сынга алды.

XS
SM
MD
LG