Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:58

Палестин лидери Ирак менен быйыл сүйлөшкүсү келет


Палестин бийликтеринин президенти Махмуд Аббас Израил менен тынчтык сүйлөшүүсү ушул жылы башталат деген үмүтүн билдирди. Аббас бул тууралуу бүгүн Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүдө айтты. Путин Аббаска тынчтык жараянын оң жолго салуу үчүн орус өкмөтү колдон келгенин жардамын көрсөтүүгө даяр деди. Тынчтык сүйлөшүүсү 2010-жылы палестин жерлеринде жөөт айылдарын курууну уланткандан кийин токтоп калган. Израил сүйлөшүүнү шарт коюсуз баштоого чакырган. Орусия Жакынкы Чыгыш боюнча төрт тараптуу арачылар тобуна мүчө. Квартетке дагы АКШ, Бириккен улуттар уюму жана Европа биримдиги кирет.

XS
SM
MD
LG