Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:55

Ооган президенти АКШга карата сындардын өзөгүн түшүндүрдү


Ооганстандын президенти Хамид Карзай акыркы кездеги АКШнын дарегине багытталган сындары бул өлкө менен мамилени бузуу үчүн эмес, тескерисинче оңдоо ниети менен айтылганын билдирди. Жекшембиде Карзай АКШ өкмөтү "Талибан" менен дээрлик күн сайын сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат деп сындаган.

Карзайдын администрациясы кечээ тараткан билдирүүдө “президенттин соңку сындары эки өлкөнүн мамилелерин бузууга эмес, оңдоого багытталган” деп айтылат. Билдирүүдө учурда эки өлкө ортосундагы мамилелер анча жакшы болбой, ошондуктан ар бир мамлекет өз кызыкчылыгынын негизинде аракет көрүп жатканы да белгиленген.

Ага чейин АКШнын Ооганстандагы күчтөрүнүн командачысы Жозеф Данфорд Карзайдын айткандары америкалык аскерлердин коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн экенин билдирген эле.

XS
SM
MD
LG