Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:41

Кыргыз-өзбек делегациясы чек араны тактоого киришет


Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араны тактоо боюнча мамлекеттик делегациясы январдын башындагы Чарбак-Сох жаңжалынан кийин алгачкы ирет жолугушууга макулдашты. Өзбек тарап сүйлөшүүгө макулдук бергенин өкмөттүн Чек араны тактоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүлөр болжол менен 25-марттан 30-мартка чейин Ташкен шаарында өтөт. Анда Анжиян-Кемпир-Абад суу сактагычы жана Барак экславына жол ачуу маселелерин талкууга алып чыгуу мерчемделүүдө. Чек араны тактоо боюнча Тажикстан менен сүйлөшүүлөр болсо апрель айында уланат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 1378 чакырым чек аранын 1007 чакырымы такталган. Жыл башында Баткендин Чарбак айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Ушар (Хушяр) айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Ушарлыктар кыргыз айылына кирип келип, 30 адамды барымтага алган, бир канча унааларды талкалаган. Бул окуядан кийин чек араны тактоо боюнча кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү токтоп калган. (KKs)

XS
SM
MD
LG