Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:20

Сирия: оппозиция премьер-министрди шайлоо үчүн чогулду


Сирия оппозициясынын жоон топ өкүлдөрү Стамбулда жыйынга чогулду. Алар жыйында Башар Асаддын режимине каршы козголоңчулардын убактылуу өкмөтүн түзүүнү көздөп жатышат. Сирия улуттук коалициясынын өкүлдөрү эки күнгө созула турган жолугушууда алгач премьер-министрди, андан соң убактылуу өкмөт мүчөлөрүн дайындоону максат кылып жатканын билдиришти. Азырынча премьер-министрликке 12 адамдын талапкерлиги тандалууда. Алардын арасында мурдагы айыл чарба министри, бир катар белгилүү ишкерлер да бар.

Сириянын оппозициясы убактылуу өкмөткө учурда козголоңчулар көзөмөл кылган райондордо бийлик жүргүзүп, Башар Асаддын режимине каршы күрөштү жандантууга жардам көрсөтүшү керек деген милдетти коюп жатат.

Сириядагы куралдуу жаңжалга өткөн жумада 3 жылга аяк басты. Ушул убакыт аралыгында БУУнун эсеби боюнча 70 миңден ашык адам каза таап, миллиондогон адам коңшу өлкөлөргө баш калкалоого мажбур болду.(BkA)

XS
SM
MD
LG