Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:23

Кыргызстандык компаниялар эл аралык туристтик көргөзмөгө катышууда


Бул күндөрү Москвада өтүп жаткан «Интурмаркет-2013» эл аралык туристтик көргөзмөсүнө Кыргызстандан 4 туристтик оператор катышууда. “Азаттыктын” Москвадагы кабарчысы билдиргендей, 16-мартта башталган көргөзмөгө кыргызстандык делегациянын өлкөнүн маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Данияр Казаков жетектеп барган. Алар чет элдик туристтерди тартууда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берип жатышат.

Адистердин айтымында, соңку эки жылда Кыргызстанга чет жактан келген туристтердин саны өстү. Жакында Дүйнөлүк саякат жана туризм кеңеши (World Travel and Tourism Council – WTTC) чыгарган жаңы баяндамада Кыргызстан туризм тармагы тездик менен өнүгүп жаткан алдыңкы 10 өлкөнүн тизмесинде үчүнчү орунду ээлеген. (ZKo\BkA)

XS
SM
MD
LG