Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Мэрия быйыл жаңы конуштарды суу менен камсыз кылууну пландоодо


Быйыл Ак-Ордо, Рухий-Мурас, Мурас-Ордо жана Арча-Бешик жаңы конуштарын суу менен камсыз кылуу пландалып жатканын бүгүн шаардын бюджетин талкуулаган жыйында вице-мэр Төрөбек Имашев билдирди. Бул үчүн 30 млн. сом каралууда. Андан сырткары вице-мэр 2,5 чакырым жолго асфальт төшөөгө 87 млн. сом каралганын, ал эми үч жаңы конуштун жолун салууга Түркиянын насыясынан 10 млн. сом бөлүнгөнүн кошумчалады.

Шаардык кеңештин “Республика” партиясынан шайланган депутаты Эрнис Докеновдун “Азаттыкка” айтымында, мэрия көп каражатты мектеп, бала-бакчаларга чачыратып бөлүп жатат. “76 миллиондук бала бакчага 9 млн. гана бөлүп атат. Антип чачыратпай эле жок дегенде бир бала бакчаны бүтүрүп алсак жакшы болмок. Мындан ары каражаттар шаардык кеңештин катышуусу менен бөлүнсүн деген талап коюп жатабыз”, - деди Докенов.

Өткөн аптада шаардык кеңештин жыйынында мэр Иса Өмүркуловго үч ай мөөнөт берилген. Анда үч айдын ичинде мэрге үч жылдык иштин отчетун берип, шаардагы абалды жакшыртып, айрым муниципалдык кызмат жетекчилерин кызматтан алуу талабы коюлган. Ошондон бери вице-мэр Вячеслав Красиенко, Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Марат Мияров кызматтан кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG