Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

"Супер-инфонун” кабарчыларынын иши кайра тергелет


Бишкектин Свердлов райондук соту кабарчылардын ишин кайрадан тергөөгө жөнөттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” кабарчылар уюштурган тамашадан жабыркаган телеалпаруучу Назира Айтбекованын жолдошу Искендер Шаршеев билдирди. Анын айтымында, айыпталуучу Бахияна Сатылганова соттук териштирүүнүн жүрүшүндө мурдагы көрсөтмөсүн өзгөртүп, “Супер-инфонун” жетекчилиги тамашанын орой боло турганы тууралуу кабардар болгонун билдирген. Ага чейин Сатылганова бардык күнөөнү өзүнө алып келген эле. Мындан улам айыпталуучулардын адвокатынын өтүнүчүнүн негизинде иш кайрадан тергөөгө жөнөтүлдү.

“Супер-инфо” гезитинин кабарчылары Бахияна Сатылганова, Максат Орузунбетов өткөн жылдын ноябрында Коомдук каналдын алып баруучусу Назира Айтбекованы тамашага салабыз деп жатып, адам уурдоо, бейбаштык деген кылмыштарга жол берген деп айыпталып жатат. Айыпталуучулар мындай кылмыш жасалганын мойнуна албай, Назира Айтбекованы гезит үчүн тамашага салуу гана аракети болгонун билдирип келишет. Бирок Айтбекова журналисттердин аракетин өзүнө каршы атайын уюштурулган иш катары баалоодо. (BkA)

XS
SM
MD
LG