Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:10

АКШ Ирандын өзөктүк программасына каршы турат


АКШ президенти Барак Обама Ирандын өзөктүк курал өндүрүшүнө жол бербөө үчүн Кошмо Штаттар бардык чечкиндүү кадамдарга бараарын билдирди. Бул тууралуу Обама Израилге расмий сапарынын жүрүшүндөгү маалымат жыйынында айтты:

- Биз Ирандын өзөктүк программасы регионго, жалпы дүйнөгө жана Израилдин мамлекет катары сакталышына коркунуч туудураарын түшүнүп жатабыз. Ошондуктан Израил менен бул жааттагы максаттарыбызды аныктадык. Биз бул багытта Ирандын өзөктүк курал өндүрүшүнө жол бербөө үчүн биргелешип саясат жүргүзөбүз. Биз бул маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө аракет кылабыз. Бул үчүн алдыда дагы убакыт бар.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху болсо өз укуктарын башкаларга тебелетпей турганын айтып, Иран бир жылдын ичинде өзөктүк куралды өндүрүшү толук мүмкүн экенин кабарлады.

Барак Обама Израилге расмий сапар менен бейшембиде барган. Төрт күндүк сапар учурунда АКШ президенти Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас, Иордания падышасы Абдулла менен да кездешет.

XS
SM
MD
LG