Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:09

Абдулла Ожалан: Бул жаңы доордун башталышы


Күрт жикчилеринин лидери Абдулла Ожалан Күрт жумушчу партиясын ок атууларды токтотууга жана согушчандарды Түркиядан чыгып кетүүгө чакырды. ”Биздин куралдуу күчтөр чек арадан сыртка чыгарылып кетчү мезгил келди. Бул жаңы доордун башталышы”, - деп окуп берди кайрылууну Ожаландын күрт адвокаты Ондер Түркиянын түштүк-чыгышындагы Диябекир шаарынын борбордук аянтына чогулган 200 миңдей адамга. Ожалан кайрылуусунда өлкөдө демократиялык өзгөрүүлөр үчүн дарбаза кенен ачылганын белгилейт. Кайрылуу Ожалан менен коопсуздук кызматтарынын бир нече айга созулган сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы.
Абдулла Ожаланды Түркиянын коопсуздук агенттери 1999-жылы Кениядан кармап келгенден кийин ал өмүр бою абакка кесилген жана Мармар деңизиндеги түрмөдө отурат. Эсептөөлөргө караганда, күрт жикчилеринин 1984-жылдан берки согуштук аракеттеринен 40 миңдей адам набыт болгон.

XS
SM
MD
LG