Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Качкын орус олигархы Березовскийдин өлүмү иликтенүүдө


Борис Березовскийдин Беркшир графтыгындагы үйүнө химия-биологиялык жана радиоактивдүү заттар боюнча эксперттер жөнөтүлдү. Британ полициясынын маалымдашынча, эксперттер Березовскийдин өлүмүн изилдөөдө “этияттык үчүн” чакырылган. Владимир Путиндин кажыбаган сынчысы, 68 жаштагы Березовскийдин жасаты, британ медиасынын кабарлашынча, 23-мартта Лондондун четиндеги Аскот деген жайда өзү жашаган үйдүн ваннасынан табылган. Полициянын айтышынча, маркумдун эмнеден каза тапканы азырынча белгисиз.

Березовский СССР бүлүнгөндөн кийин мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү учурунда байыган орусиялык ишкерлердин олигархтар тобунун чыгаан өкүлү болчу. Ал Орусиядан 2000-жылы чыгып кетип, үч жылдан соң Британиядан саясый баш паанек алган.

XS
SM
MD
LG