Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

Багдад - Араб маданиятынын борбору


Ирактын борбору Багдад 2013-жылдагы Араб маданиятынын байтакты деп жарыяланды. Ага байланыштуу ишемби күнү Багдаддын Завра саябагында өткөн салтанатка ирактык саясатчылар жана Араб Лигасынын башчысы Набил ал-Араби катышты. Премьер-министр Нури ал-Малики майрамдык сөзүндө Багдад тарыхта билимдин жана илимдин кенчи болгонун, кайра эми “ирактыктардын жана алардын араб агайындарынын жардамы менен көтөрүлүп жатканын” айтты. Багдад акыркы отуз жылдагы согуштан жана эл аралык камоодон катуу жабыркаган. Араб маданиятынын борбору жөрөлгөсүнүн алкагында жыл бою башкалаада түрдүү көргөзмөлөр жана оюн-зооктөр өткөрүлөт. Араб маданиянын борбору деп жарыялоону ЮНЕСКОнун 1995-жылкы программасына ылайык, Араб Лигасы сунуш кылды.

XS
SM
MD
LG