Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Жалал-Абадда митинг өтөт


Бүгүн камактагы депутат Камчыбек Ташиевдин кичи мекени Сузак районундагы Барпы айылында митинг өтөт. Анда “Ата-Журт” партиясынын камактагы депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотуу талабы коюлат. Буга чейин дал ушундай талап менен Жалал-Абад шаарында митингдер өтүп жаткан. Бирок 8-марттан соң Камчыбек Ташиевдин суранычы менен саясий акциялар убактылуу токтотулган болчу. Ташиевдин тарапкерлери соттон депутаттарга адилет чечим чыгарууну талап кылып, бүгүндөн баштап кайрадан митингди жандантууну чечишкенин "Азаттыкка" акциянын уюштуруучулары билдиришти.

“Ата-Журттун” үч депутаты өткөн жылдын 3-октябрында бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда. 15-мартта депутаттардын үстүнөн соттук териштирүү аяктап, сот өкүмү 29-мартта чыгараары дайын болгон. Ага чейин мамлекеттик айыптоочулар депутаттардын күнөөсү далилденгенин белгилеп, аларды 9 жылдан 10 жылга чейин, коомдук ишмер Кубат Кожоналиевди 8 жылга, ал эми Ташиевдин жан сакчыларын 3-4 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнгөн.(YA/BkA)

XS
SM
MD
LG