Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:42

Бишкекте жашыруун иштеген кумаркана аныкталды


Бишкек шаарында атайын жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында жашыруун иштеген бир казино аныкталды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүү маалында кумарканада кеминде элүүгө чукул адам бар экени, беш оюн үстөлү иштеп жатканы белгилүү болду. Мындан тышкары бул казинодон 2 миллионго сомго тете оюн шакекчелери жана 10 миң сом алынды. Натыйжада кылмыш иши козголуп, бул ишти ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы өз көзөмөлүнө алды.

Кыргызстанда кумарканаларга 2012-жылдын январынан тарта тыюу салынган. (KKs)

XS
SM
MD
LG