Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:30

Прокуратура камактагы депутаттар боюнча укук коргоочулардын дооматын төгүндөдү


Бишкектеги Биринчи май райондук прокуратурасы “Ата-Журт” фракциясынын камактагы депутаттарынын иши боюнча укук коргоочулардын билдирүүсүн четке какты. Райондук прокурордун улук жардамчысы Асаналы Иманбеков депутаттардын иши мыйзам чегинде тергелгенин, укук коргоочулардын билдирүүсүн сотко басым катары сыпаттоого болоорун “Азаттыкка” билдирди.

Кечээ Кыргызстандын укук коргоочулар кеңеши камактагы депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов баштаган жети адамдын ишин тергөөдө мыйзам бузууларга жол берилгенин, мындай тергөө менен сот өкүмү чыкса элдин нааразылыгын жаратаарын эскертишкен.

“Ата-Журттун” үч депутаты өткөн жылдын 3-октябрындагы Бишкектеги митингден кийин бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынган. Анда Камчыбек Ташиев баштаган жоон топ адам Ак үйдүн тосмосунан ашып өткөн болчу. Мамлекеттик айыптоочулар депутаттарды 9 жылдан 10 жылга чейин, коомдук ишмер Кубат Кожоналиевди 8 жылга, ал эми Ташиевдин жан сакчыларын 3-4 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнүүдө. Сот өкүмү 29-мартта чыгаары кабарланган. (AiT/KKs)

XS
SM
MD
LG