Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:51

Президенттен “Ата-Журттун” депутаттарын бошотууну талап кылышты


Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен барган президент Алмазбек Атамбаев облустук администрациянын алдына чогулган “Ата-Журттун” депутаттарынын жактоочулары менен жолукту. Чогулгандар үч депутат саясий куугунтукка кабылганын айтышып, аларды бошотууну талап кылышты. Мамлекет башчысы жактоочуларды сот чечимин күтүүгө чакырды.

Депутаттардын тарапкерлери бүгүн бир жарым миңдей киши чогулганын, милиция болсо алардын саны 700гө жеткенин айтууда. Жалал-Абадда мындай нааразылык акциясы эртең да уланаары айтылды.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаров, коомдук ишмер Кубат Кожоналиев жана Ташиевдин үч жан сакчысы былтыр 3-октябрда камакка алынган. Ал күнү Бишкекте Кумтөр кени боюнча митинг уюштурулуп, Ташиев баштаган жоон топ адам Ак үйдүн тосмосунан ашып өткөн болчу. Депутаттар бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталууда. Бишкектеги Биринчи май райондук соту эртең өкүмүн угузаары кабарланган. (YA/KKs)

XS
SM
MD
LG