Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:52

ЖК июнь коогасына шектүүлөрдү кармап келүүнү буйурду


Жогорку Кеңеш 2010-жылдагы июнь коогасынын күнөөкөрлөрү делген Кадыржан Батыров, Инамжан Абдурасулов, Жалаллидин Салахудинов жана Карамат Абдуллаеваны кармап, Кыргызстанга экстрадициялоо жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Токтомдо тиешелүү органдарга коогалаңга шектүү адамдарды жазага тартуу боюнча чара көрүү тапшырмасы берилет. Мындай чечим кабыл алууга “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошеванын демилгеси негиз болду. Депутат шайлоочулар коогалаңдын уюштуруучуларын жоопко тартууну талап кылып жатканын парламент жыйынында билдирген.

Мурдагы депутат Кадыржан Батыров июнь окуяларынын башкы күнөөкөрү катары айыпталып, аны сот өмүр бою эркинен ажыратууга сыртынан өкүм чыгарган. Былтыр Батыровдун Швециядан баш паанек алганы кабарланган. Калган үч адамдын кайда экени белгисиз. Буга чейин Батыров өзүнө коюлган айыптарды четке каккан болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG