Бишкек шаарында Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын аймактарынан келген фермер айымдардын эл аралык симпозиуму башталды. “Агробизнестеги аялдар” аттуу симпозиум эки күнгө созулуп, фермерлерге инновациялык технологияларды үйрөтүүнү, тажрыйба алмашууну максат кылат. Иш-чарада жаш фермерлерге өкмөт тарабынан берилүүчү кредиттер тууралуу да маалымат берилет. (MK/KKs)