Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Алмазбек Атамбаев Игорь Шуваловду кабыл алды


Жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Бажы биримдигинин жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин алкагында экономикалык интеграцияга багыт аларын белгиледи. Орусиянын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Игорь Шувалов эки тараптуу жетишилген төрт келишим боюнча мамлекет ичиндеги процедураларды аткаруу иштери жакын арада аяктаарын маалымдады. Ал Орусия Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алуу менен Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирүү процессин активдүү түрдө колдой турганын билдирди.

Мындан тышкары жолугушууда май айында Бишкекте өтө турган ЖККУнун алдыдагы саммитине даярдыктын жүрүшү жана гидроэнергетика тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды. (AzK)

XS
SM
MD
LG