Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

Пакистанда жан кечти полиция башчысын бутага алды


Пакистандын түндүк-батышында жан кечти жарым расмий тартип коргоо бригадасы бараткан автокербенге кол салганда, аз дегенде 10 кишинин өмүрү кыйылып, 25 чактысы жарадар болду. "Азаттыктын" Пакистан кызматы - Машаал радиосу билдиргендей, Абдул Мажид Марваттын унаалары бүгүн Пешавар шаарындагы армиянын көзөмөл бекетине келгенде, жанкчети бомбасын жардырды.

Хыбер Пахтунква дубанынын чек ара кызматын жетектеген Марват жараат алды, анын абалы канчалык оор экендиги маалым эмес. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти Пакистандын Талибан кыймылы өзүнө алды.

XS
SM
MD
LG