Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Пакистандагы бомба жардыруудан эки адам өлдү


Жардыруу бүгүн өлкөнүн түндүк-батышындагы Банну шаарынын жанында, саясий митинг өтүп жаткан жерде болуп, андан эки адам набыт болгондон тышкары алты киши жараат алды.

Жараат алгандар арасында Хайбер-Пахтунхва провинциясынын мурдагы губернатору, секулярдык багыттагы "Авами" улуттук партиясынын мурдагы депутаты Аднан Вазир да бар. Ал бул ирет көз карандысыз талапкер катары провинция парламентинин депутаттыгы үчүн ат салышып жаткан.

Буга чейин "Авами" улуттук партиясынын жүздөгөн мүчөлөрү, айрым лидерлери "Талибандын" Пакистандагы бөлүмү уюштурган кол салуулардан мерт болушкан эле.

"Талибандын" кол салуу коркунучунун сакталып жатышы саясий партияларды өлкөнүн түндүк-батышындагы шайлоо өнөктүгүн агрессивдүү жүргүзүүгө мажбурлоодо.

Пакистанда 11-майдагы парламенттик шайлоону утурлай кыянатчылыктар күчөдү.(UE)

XS
SM
MD
LG