Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:47

Конституциялык палатанын судьяларын тандоо башталат


Бүгүн Сотторду тандоо кеңеши Конституциялык палатанын судьяларын тандоонун биринчи айлампасын өткөрөт. Экинчи тур 2-4-апрелде, ал эми жыйынтыктоочу үчүнчү тур жума аягында болмокчу.

Жогорку Кеңеш 27-февралда Конституциялык палатасынын судьялыгына көрсөтүлгөн төрт талапкерди шайлабай койгон.

2010-жылдагы ыңкылаптан кийин Конституциялык Сот жоюлган. Анын ордуна Жогорку Соттун алдындагы Конституциялык палата киргизилген. Бул палатанын курамы 11 судьядан турат. Өткөн жылы беш судья шайланган.

Сотторду тандоо кеңеши калган алты талапкерди сынак жолу менен тандап, президенттин кароосуна жиберген. Өз кезегинде президент алты талапкердин экөөн четке кагып, төртөөнү парламентке жөнөткөн болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG