Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:04

Жарылуудан жабыркаган тескөөчүнүн абалы оор


30-мартта Бишкектеги Ак-Өргө жаңы конушундагы милициянын аймактык бөлүмүндө жарылуу болуп, андан 32 жаштагы тескөөчү жабыркаган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сеитов кабарлады.

Анын айтымында, аймактык тескөөчү Шамил Усубалиев милициянын аймактык бөлүмүнүн жанынан шектүү баштыкты байкаган. Аны кабинетине алып кирип, ачып жатканда ал жарылып кеткен. Жарылуудан Усубалиевдин оң колунун манжалары жулунуп, оор жараат алган. Учурда анын абалы оор, №4 шаардык ооруканада дарыланууда.

Бул окуя боюнча атайын тергөө тобу түзүлүп, жарылууга эмне себеп болгону иликтенип жатат. Алдын-ала божомолдор боюнча баштыктын ичинде үн тундуруучу граната болушу мүмкүн деп айтылууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG