Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Конституциялык палатанын судьяларын тандоонун биринчи туру аяктады


Бүгүн Сотторду тандоо кеңеши Конституциялык палатанын судьялары үчүн тандоонун биринчи айлампасын жыйынтыктады. Ага ылайык, сынакка катышкан 19 талапкердин 15и экинчи турга өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сот тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев кабарлады. Эми тандоонун экинчи туру 2-4-апрелде, ал эми жыйынтыктоочу үчүнчү туру болсо аптанын соңунда болмокчу.

Жогорку Кеңеш байыл 27-февралда Конституциялык палатасынын судьялыгына көрсөтүлгөн төрт талапкерди шайлабай койгон.

2010-жылдагы ыңкылаптан кийин Конституциялык Сот жоюлган. Анын ордуна Жогорку Соттун алдындагы Конституциялык палата киргизилген. Бул палатанын курамы 11 судьядан турат. Өткөн жылы беш судья шайланган.

Сотторду тандоо кеңеши калган алты талапкерди сынак жолу менен тандап, президенттин кароосуна жиберген. Өз кезегинде президент алты талапкердин экөөнү четке кагып, төртөөнү парламентке жөнөткөн болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG