Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

Москвада активисттин камак мөөнөтү узартылды


Москванын Басман соту оппозиция лидери Сергей Удальцовдун үй камагын 6-августка чейин узартты. Сот бүгүн Москвадагы 2012-жылдын майында Москванын Болотная аянтындагы өкмөткө каршы чыгууларды кимдер уюштургандыгын аныктоо үчүн кошумча убакыт керек экендигин билдирди. Удальцов менен катар оппозициячыл активисттер Константин Лебедев, Леонид Развозжаевге да кине коюлган. Үчөө тең акцияны уюштурбаганын ырастап жатат. Тергөөчүлөр үчөөнү тополоңдуу акцияны уюштурууда былтыр чет элдик жарандар менен "көп жолу жолугушкан" деп ырастоодо. Удальцовго телефон, интернет пайдаланууга жана кат жазып, кат алууга тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG