Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Жумгал: электр жарыгы калыбына келтире элек


Нарындын Жумгал районундагы жер көчкүдөн жабыркаган айылдарда электр жарыгы калыбына келтире элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда жарыксыз калган Миң-Куш шаарчасы жана райондогу 7 айылдагы 1000ге жакын турак үйдү убактылуу электр энергиясы менен камсыз кылуу иштери жүрүп, керектүү жардам жеткирилип жатат. Оорукана, мектептердин иши үзгүлтүккө учураган жок, бирок бала бакчалар бир апта иштебейт.

Жумгалдын Миң-Куш шаарчасында 30-мартта жер көчүп, жогорку чыңалуудагы үч электр мамысы керектен чыгарган. Жер көчкүдөн жалпы чыгым 1 миллион сомдон ашык деп эсептелүүдө. (BKA)

XS
SM
MD
LG