Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:10

Журналист менен депутаттын чыры парламентте каралбай калды


Бүгүнкү Жогорку Кеңештин регламент жана этика боюнча комитетинин жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу менен “Общественный рейтинг” гезитинин журналисти Эрик Исраиловдун араздашуусу каралбай калды. Буга депутат Турсунбай Бакир уулунун ооруп жатканына байланыштуу катышпай калганы себеп болду. Өткөн жумада белгиленген жыйын да Турсунбай Бакир уулу катышпай койгонуна байланыштуу артка жылдырылган болчу.

Февралдын башында журналист Исраилов Бакир уулу иш бөлмөсүндө ага кол көтөргөнүн айтып чыккан. Депутат мындай кадамга социалдык тармактын бириндеги талкуу учурунда кайым айтышууга чычалоодон улам барган деп билдирген.

Бакир уулу болсо журналисттин дооматын четке кагууда. Депутат жаран катары пикирин билдирүүгө укугу бар болгонун, Исраилов кыргыз элин кемсинткенин, ага кол көтөрбөгөнүн билдирип келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG