Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:13

Иракта “ал-Каиданын” мурдагы лидери жана үч киши даргага асылды


“Ал-Каида” террористтик уюмунун Багдаддагы жетекчиси Мунаф Абдул Рахим ал-Рави жана террорчулук үчүн айыпталган дагы үч киши кечээ даргага асылды. Бул тууралуу жумурияттын Юстиция министрлиги кабарлады. Рави 2010-жылы камалган. Аны 2009-жылы 250 адамдын өлүмүнө алып келген эки башка чабуул үчүн айыпташкан эле. БУУнун Ирактагы өкүлчүлүгү, Евробиримдик жана адам укуктарын коргоо жаатында иштеген эл аралык уюмдар Багдадды өлүм жазасына мораторий жарыялоого үндөп келишет. Өлүм жазасы бул өлкөдө 2003-жылы америкалык аскер күчтөрү киргизилгенде бир жылга токтотулган. Бирок өкмөт бул жаза массалык зомбулукту токтотууга жардам болот деп, аны кайра 2004-жылдан тарта колдонуп келүүдө.

XS
SM
MD
LG