Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Таш-Көмүрдө темир эритиндисин даярдаган завод ачылат


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 4-апрелде Казакстандын Индустрия жана жаңы технологиялар министрлигинин жана POSCO компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды. Анда Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында ферросплав, башкача айтканда темир эритиндисин даярдаган заводду тезирээк куруп, ишке киргизүү тууралуу сөз болду.

Сатыбалдиев кыргыз тарап өзүнүн милдеттемелерин толук аткарганын, эмки иш инвесторлордо калганын белгиледи. Инвесторлор жылдын 3-кварталында заводдун алгачкы меши ишке кирет деп ишендирди. Алгач айына 800 тонна темир кошундусун чыгарат. Завод толук ишке киргенде өндүрүлгөн продукция 65 миң тоннага жетет. Казак тарап Кыргызстанда магний чыгарган завод курууга кызыкдар экенин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. (EBM)

XS
SM
MD
LG