Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

“Ата Журт” Кумтөр келишимин жокко чыгаруу демилгесин жактырды


Бүгүн Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясы “Эл үнү” оппозициялык кыймылы иштеп чыккан Кумтөр боюнча келишимди жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорду жактырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Эл үнү” кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаров кабарлады. Кыймыл иштеп чыккан бул долбоордо кыргыз өкмөтү менен “Центерра голд” компаниясынын ортосунда 2009-жылы түзүлгөн келишимди дароо жокко чыгаруу сунушталган. Мыйзамды демилгелөө үчүн кыймыл 10 миң жарандын колун топтогон.

Бекназаровдун айтымында, жакынкы апталарда парламенттеги башка фракциялар карап, андан соң Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланат.

Буга чейин Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын корутундусунун негизинде токтом кабыл алган. Ага ылайык, өкмөткө “Центерра голд” компаниясы менен 3 айдын ичинде 2009-жылы түзүлгөн келишимди кайрадан карап чыгуу сунушталган. “Центерра голд” бул сунушка макул болбосо, келишимди бузуу тапшырылган.

Өкмөт канадалык компания менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн топ түзгөн. Ал топтун мүчөлөрү “Центерра голддун” өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы аяктаганын билдирген болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG