Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Мамытовдун адвокаты шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылды


Бул тууралуу камактагы “Ата Журт” партиясынан депутат Талант Мамытовдун адвокаты Искендер Журабаев кабарлады. Анда адвокат Биринчи май райондук сотунун Мамытовду 1 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүмүн жокко чыгарууну Бишкек шаардык сотунан өтүнгөн.

Мамытов менен бирге айыпталган “Ата Журттун” депутаттары Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровдун адвокаттары өткөн аптада ушундай эле өтүнүч менен шаардык сотко арыз менен кайрылышкан.

29-мартта Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду жана депутаттардын үч жан сакчысын Кылмыш кодексинин 295-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу жана күч менен кармоого аракет кылуу) боюнча күнөөлүү деп таап, Ташиев менен Жапаровду бир жарым жылдан, Мамытов жана депутаттардын үч жан сакчысын бир жылдан эркинен ажыраткан. Алар былтыр 3-октябрда Бишкектеги борбордук аянтта башаламандык менен коштолгон митингден кийин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG