Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Бишкекте Төлөмүш Океевге арналган көргөзмө ачылды


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде 8-апрелде атактуу кинорежиссер Төлөмүш Океевдин чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмө ачылды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан кабарлашты. Көргөзмөгө режиссердун чыгармачылыгын, дипломаттык ишмердүүлүгүн чагылдырган сүрөттөр коюлган.

Белгилүү режиссер Төлөмүш Океев “Бакайдын жайыты”, “Ак илбирстин тукуму”, “Кызыл алма”, “Уркуя”, “Махабат закымдары” сыяктуу бир нече тасмаларды тарткан. Ал 1990-1994-жылдары кыргыз парламентинин депутаты болгон. 1993-1998-жылдары Кыргызстандын Түркиядагы элчиси, кийинчерээк ТүркСОЙдогу кыргыз өкүлү болуп иштеген.

Төлөмүш Океев 2001-жылы Анкарада каза тапкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG