Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:35

Көпчүлүк коалиция Келдибековду комитет төрагалыгынан алууну сунуштады


Жогорку Кеңештеги КСДП, “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” фракциялары түзгөн көпчүлүк коалиция Акматбек Келдибековду парламенттин бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагалыгынан алууну сунуштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Анын айтымында, Келдибеков парламент төрагасы болуп турган учурдагы кемчиликтерин текшерген Эсеп палатасынын аудиторлоруна басым жасаганы тууралуу арыздар түшкөн. Мындан улам көпчүлүк коалиция парламенттеги оппозицияга Келдибековду комитет төрагалыгынан алып, анын ордуна “Ата Журт” фракциясынан депутат Марат Султановду дайындоону сунуш кылды.

Бул боюнча Келдибеков жана парламенттик оппозициянын мүчөлөрү позициясын билдире элек. (BkA)

XS
SM
MD
LG