Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Түрк премьери жетектеген делегация Бишкекке келди


Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган жетектеген делагацияны "Манас" аба майданында Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев баштаган топ тосуп алды. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирет.

Түрк расмийлери "Түркия-Кыргызстан" стратегиялык кызматташтыгынын Жогорку кеңешинин экинчи жыйынына катышат. Иш сапарга келген делегациянын курамында Режеп Тайып Эрдоган жубайы, вице-премьер-министр Булент Арынч жубайы, вице-премьер министр Бекир Боздаг жубайы менен, тышкы иштер министри Ахмет Давытоглу, экономика министри Зафер Чаглаян, маданият жана туризм министри Омер Челик, парламент мүчөлөрү, жогорку даражадагы жетекчилер, ишкерлер жана журналисттер бар.

Кыргыз ТИМнин маалыматы боюнча түрк өкмөт башчы Эрдоган президент Атамбаев, премьер-министр Сатыбалдиев жана Жогорку Кеңештин төрагасы менен жолугат. Жолугушууларда аваиация, саламаттыкты сактоо, туризм жана айыл чарба тармактарындагы бир нече келишимге кол коюлат.

Эгемендүүлүк жылдары Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда 150дөн ашуун ар кыл тармактагы келишимдерге кол коюлган. Режеп Тайып Эрдоган соңку ирет расмий сапар менен Кыргызстанга 2011-жылдын февраль айында келген.

XS
SM
MD
LG