Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:27

Асанов: ИИМди реформалоо үчүн каражат керек


Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бүгүн ИИМди реформалоо концепциясын талкуулоо боюнча Ошто уюштурулган коомдук угууда билдирди. Анын айтымында, реформалоо концепциясын толук ишке ашыруу үчүн ири суммадагы каражат керек. Аны мамлекет бере албайт. Ошондуктан, эл аралык уюмдардын көмөгү керек болууда. Азырынча кайсы уюм аны колдоого алаары белгисиз.

Ички иштер органдарын реформалоонун жаңы концепциясы иштелип чыгып, жакында өкмөттүн кароосуна жиберилген. 18-апрелде ал өкмөт тарабынан бекитилиши күтүлүүдө. Ушуну менен концепция үчүнчү жолу өзгөртүлүп жатат. Алгач 1993-жылы кабыл алынып, 2003-жылы өзгөртүүлөр менен кайра бекитилген. Бирок анда жазылган реформалоо программалары каржы жоктугунан улам толук ишке ашкан эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG