Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

“Ата Мекен” Батукаевдин бошотулушун айыптады


“Ата Мекен” партиясы Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнүн лөгү атыккан Азиз Батукаевдин боштондукка чыгарылышын айыптаган билдирүү таратты.
Анда саламаттыгы начарлады деген жүйөө менен түрмөдөн бошоткон Нарын шаардык соту менен Жаза аткаруу кызматынын жетекчилеринин чечимин мыйзамсыз деп бааланган. Батукаевдин бошотулушу кылмыш дүйнөсүнө каршы жарыяланган күрөшкө көлөкө түшүргөнүн белгилеген партия мүчөлөрү президент жана Башкы прокурорго кайрылып, буга жол берген адамдарды жоопкерчиликке тартууга чакырган.(BkA)

XS
SM
MD
LG