Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:01

Бишкекте Шатман Садыбакасов эскерилди


Бүгүн Бишкекте жазуучу Шатман Садыбакасовдун 80 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Буга байланыштуу Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз драма театрда жазуучунун “Ак боз ат” спектакли коюлду. “Ак боз ат” айтылуу Шырдакбек баатыр тууралуу жазылган тарыхый драма. Убагында советтик идеологияга туура келбегени үчүн бир топ кыскартууга дуушар болуп, ошол тейинче сахнада жашап келген. Спектаклдин режиссеру Замир Сооронбаевдин айтымында, бу жолу драманын алгачкы варианты калыбына келтирилди.

Шатман Садыбакасов Жумгал районун Дыйкан айылында 1932-жылы 25-майда туулган. Бир нече басылмада, анын ичинен “Ала Тоо” журналында редактор болуп иштеген. “Пейил”, “Мүнөз”, “Кең дүйнө” ж.б. жыйнактардын автору. Анын калемине таандык “Күндөр” романы орус тилине которулган. Жазуучу 1983-жылы көз жумган.(ST)

XS
SM
MD
LG