Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:24

Freedom House адвокатка кол салууну айыптады


Freedom House уюму адвокаттар Улугбек Усманов менен Татьяна Томинага кол салууну сындап чыкты. Бул тууралуу уюм бүгүн билдирүү таратты. Билдирүүдө 2010-жылдагы июн окуяларынан соң өзбек улутундагы жарандардын укугун коргогон адвокаттарга кысым көрсөткөн учурлар көп катталганы, буга күнөөлүүлөр жазасыз калып жатканы жөнүндө айтылып, бийлик органдарынын чара көрүүсүнө чакырык ташталган.

2-апрелде июн коогалаңында адам өлтүрүү боюнча айыпталган Шамшиддин Ниязалиевдин адвокаты Улугбек Усманов Жогорку Сотто, жараян маалында аны жана Татьяна Томинаны жабырлануучулар сабап кеткенин айтып чыккан. Бирок "Санпа" заводунун жанында өлтүрүлгөндөрдүн жакындары Усмановдун айткандарын четке кагып, ага кол көтөрүү болбогонун билдирип келишет. (BkA)

XS
SM
MD
LG