Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

Пакистандагы жардырууда тогуз адам набыт болду


Бүгүн Пакистандагы Хайбер Пахтункхва провинциясынын борбору Пешаварда жарылуу болуп, кеминде тогуз адам көз жумду. Андан сырткары, 10 киши жаракат алганын “Азаттыктын” Пакистандагы кабарчылары айтышууда. Азырынча бул үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек, бирок ушул аймакта буга чейин талиптер жана башка козголоңчу топтор тынчтык комитеттерине, мектеп, музыкалык окуу жайларга чабуулдарды жасап келишкени белгилүү. Бүгүн эрте менен өлкөнүн уруулар башкарган Түндүк Вазиристан регионунда шайлоо комиссиясынын имаратына чабуул болгон. Эч ким жабыркаган эмес. Соңку күндөрдөгү чабуулдар 11-майга белгиленген парламенттик шайлоо боюнча тынчсызданууну күчөттү.

XS
SM
MD
LG