Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:14

Астанада каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгү алып келинди


Казакстандын Астана шаарында жаңы курулуп жаткан бийик имараттан кулап каза тапкан кыргызстандык эки жарандын сөөгү Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен бүгүн кабарлашты. Маалыматка ылайык, 13-апрелде Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жана Kazbuilding Engeneering курулуш компаниясы биргелешип, каза болгон 23 жаштагы Урмат Асангазиев жана 27 жаштагы Эрмек Дөңбаевдин сөөгүн Ысык-Көлгө алып келди. Ал эми жаракат алган дагы бир жаран 31 жаштагы Мелис Аламанов ооруканадан дарыланып чыкты.

Аталган жарандар 10-апрелде Астанада өздөрү куруп жаткан көп кабаттуу имараттан кулап, каза табышкан. Бул боюнча Астананын шаардык ички иштер департаменти кылмыш иш козгоп, кыргызстандыктардын кандай жагдайда каза тапканын иликтеп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG