Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Сакура көчөттөрү уурдалганын Бишкек мэриясы тастыктады


Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлады. Маалыматка ылайык, Бишкектин Түштүк дарбазасындагы “Жеңиш” паркына тигилген 14 түп сакура көчөтүн бүгүн түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. Бул боюнча Бишкек шаардык милициясы тарабынан иликтөө иштери башталып, бул аймакка жооптуу болгон милиция кызматкерлери жоопкерчиликке тартылды. Ал эми уурдалган көчөттөрдүн ордуна башка көчөттөр отургузулду.

6-апрелде президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда өткөн ишембилик учурунда Бишкектин Түштүк дарбазасындагы “Жеңиш” паркына 140 түп сакура көчөтү отургузулган. Бул көчөттөр президенттин Жапонияга сапары учурунда белек катары берилгени айтылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG