Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:36

ТИМ Корей жарым аралындагы кырдаалдан улам чара көрүүдө


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түштүк Кореядагы кыргыз элчилиги менен биргеликте Корей жарым аралындагы соңку кырдаалга тыкыр көз салып жатканын билдирди. Кореядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Кыргыз жарандар жыш жашаган аймактардын болжолдуу тизмеси түзүлдү. Элчиликте өздөрү турган жер тууралуу ыкчам маалымат берүү үчүн он-лайн байланыш ачылды. Кырдаал курчуп кетсе жардам берүү, эвакуациялоо ыкмалары такталды. Элчиликтин маалыматына ылайык, Түштүк Кореяда учурда 3 миң чамалуу кыргыз жараны бар.

Соңку учурда Түндүк Кореянын Түштүк Кореяга, Жапонияга жана аймактагы америкалык базаларга карата коркутуп-үркүтүүсү күч алды. (EBM)

XS
SM
MD
LG