Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Баткен: Журналисттин үйүнүн эшигине өрт коюлду


Баткендик журналист Кубатбек Айбашовдун батиринин кире беришине белгисиз бирөөлөр өткөн түнү өрт коюп кеткен. Окуя болгон учурда үйдө жубайы жана балдары бар болчу. Эч ким жабыркаган жок, бирок каалганын бензин тийген жери күйгөн. Кире бериште бензин куюлган бөтөлкө жана чүпүрөк табылган.

Айбашовдун "Азаттыкка" айтымында, азыр ал өзү Бишкекте. Батири Баткен шаарындагы турак үйлөрдүн биринин төртүнчү кабатында жайгашкан.

Журналист бул окуяны өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. "Себеби соңку кезде бийлик арасындагы коррупцияны ашкерелеген макалаларды жазгам", - дейт Айбашов.

Кубатбек Айбашов "Алиби" гезитинин кабарчысы болуп иштейт. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG