Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:08

Акыйкатчы: Батукаевди бошоткондор элге чындыкты айтсын


Азиз Батукаевдин бошотулушуна тиешеси бар мамлекеттик кызматкерлер элге чындыкты айтышы керек. Мындай билдирүү менен бүгүн акыйкатчы Турсунбек Акун чыкты. Батукаевди бошотуу тууралуу чечим тез арада чыгарылып, ал өзгөчө коштоо менен аэропорттун VIP залы аркылуу узатылганы, акыйкатчынын пикиринде, бул түрдүү рангдагы аткаминерлердин алдын ала макулдашылган аракети экенинен кабар берет. "Бул боюнча ачык түшүндүрмө берилбей жатканы эл арасында түрдүү кеп жаратып жатат", - дейт Турсунбек Акун.

Акыйкатчы өзү Батукаевди бошотууга макулдугун дарыгерлердин бүтүмүнө таянып бергенин, түрмөдө айыккыс ооруга чалдыккандардын баарына карата позициясы ушундай экенин айтууда.

Криминалдык чөйрөнүн лөгү делген Батукаевдин жаза мөөнөтү 8 жылдан кийин аяктамак. Бирок Нарын шаардык соту өткөн аптада аны айыкпас ооруга кабылды деген жүйө менен бошоткон. Ал ошол эле күнү Чеченстанга жеке учак менен учуп кеткен. Бул окуя эл арасында да, парламентте да кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Кечээ Нарында "өтө оор кылмышкер делген Батукаев бошотулуп жаткандан кийин абактагылардын баарын чыгарыш керек" деген талап менен чакан пикет өткөн.(RK)

XS
SM
MD
LG