Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Салянова: Прокуратура Батыровдун мүлкү боюнча ишти аягына чыгарды


Прокуратура органдары Кадыржан Батыровдун мүлкүн аныктап, мамлекеттин пайдасына чегерүү боюнча өз ишин аткарып бүттү. Эми соттун чечимин ишке ашыруу гана калды. Бул тууралуу бүгүн парламентте башкы прокурор Аида Салянова билдирди.

Батыровдун үй-мүлкү боюнча депутаттардын суроосуна жооп берип жатып башкы прокурор:

Негизи Батыровдун мүлкү боюнча прокуратуранын иши бүттү. Чоң иш жасалып, анын мүлкү табылды. Кээ бир учурда соттун чечимдерин бузууга да туура келди. Соттун чечими чыгып, эми сот аткаруучу анын баарын мамлекеттин карамагына өткөрүп бериши керек, - деди.

2010-жылдагы июнь коогасы боюнча айыпталган Батыровго тиешелүү отузга жакын объект бар экени мурда айтылган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG