Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Европа соту Москвадан Азимовду Тажикстанга бербөөнү өтүндү


Адам укуктары боюнча Европа соту Орусияга кайрылып, диний экстремизмге катыштыгы бар деп айыпталып жаткан тажик жаранды Душанбеге өткөрүп бербөөнү сурады.

Соттун бүгүн билдиришинче, Исмон Азимов Тажикстанга берилсе, ага жаман мамиле жасалышы ыктымал. Эл аралык мунапыс уюмунун маалымдашынча, Тажикстанда абактагыларды уруп-кыйноо кадыресе көрүнүш саналат.

Азимов, тажик бийликтеринин ырасташынча, Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсү жана 2010-жылы мартта Хожент облустук полициясынын кеңсесине жасалган чабуулду уюштурган. Бул чабуулдан төрт киши өлгөн. Исмон Азимов береги айыптоолорду четке каккан. Ал 2010-жылы Орусияда Тажикстандын өтүнүчү боюнча камакка алынган. Сот Азимовду Тажикстанга экстрадиция болсун деп чечкен.

XS
SM
MD
LG