Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Чет элдик дары фирмасы кыргызстандык укук коргоочуларды сотко берди


Британиянын Guardian гезитинин жазышынча, Кыргызстанда иш алып барган Rotapharm компаниясы оорулардын даттануусун айтып чыккан укук коргоочу Бурул Макенбаева, Асель Койлубаева, Рысбек Калиевди сотко берди. Аталган гезит компания аларды ишканага 1 миллион сом зыян келтиргенин, анын беделин түшүрдү деп айыптап жаткандыгын кошумчалап, бирок мындай соттук иш менен дары компаниясы өзүнүн беделин өзү түшүрөөрүн белгилейт. Гардиан өзүн британдыкы деп атаган Rotapharm офшордук аймакта болгондуктан, Британ өкмөтү анын ишине көзөмөл жүргүзө албай тургандыгын, компания Түркияда жашаган беларустук жаранга таандык экенин «казып» чыккан.

Ушул эле маалыматта айтылгандай, сотко кайрылган дарыгерлерди бул компания иштен алуу менен коркуткан. Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова дарыгерлер бейтаптарга Rotapharm дарысын бериши үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү компаниядан белек алгандыгын жазып чыккан. Бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, иликтөө жүрүп жатат. Маалыматтарга ылайык, Rotapharm Кыргызстанда 2009-жылдан бери иштеп келатат.

XS
SM
MD
LG